Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

АКШ ондогон өлкөлөргө соода тарифтерин жогорулатты


Лос-Анжелестеги портто илинген АКШ желеги. 31-июль, 2025-жыл.
Лос-Анжелестеги портто илинген АКШ желеги. 31-июль, 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын ондогон мамлекеттерге соода тарифтерин жогорулатуу чечими бейшембиден тарта күчүнө кирди. Буга чейин Америкага товар ташыган өлкөлөр 10%дык импорттук салым төлөсө, мындан ары ал көрсөткүч эселеп жогорулады. Эң жогорку 50%дык тариф Бразилиянын товарларына киргизилсе, Лаос менен Мьянма 40%, Швейцария 39%, Ирак менен Сербия 35% тарифти төлөшү керек болот. Американын ири соода өнөктөштөрү Индия 25%, Вьетнам 20%дык тарифке кабылса, дагы 21 мамлекет 15%дан жогору төлөмөй болду.

Эл аралык соодага ондогон, жүздөгөн жылдарга таасир эте турган чечим деп сыпаттаган эксперттер жаңы тарифтер Американын экономикасына да терс кесепетин тийгизээрин эскертип жатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG