
Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жана канал боюна мыйзамсыз курулган имараттар бузулууда. Мэрия алардын арасында таасирдүү саясатчыларга, мурдагы аткаминерлерге таандык жайлар бардыгын билдирди. Ош шаарынын бул аракеттери коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.
Корук жайлар кантип мыйзамдаштырылган, алар үчүн ким жоопкер? Оштогу акыбал эмнеден кабар берет?
“Эрдент” тиш дарылоо клиникасы. Бул көп жылдары бою салык кызматында иштеп жүргөн Чоюнов аттуу жаранга тиешелүү болгон. Учурда да анын жеке менчигинде катталып турат. Ал эми анын жанындагы Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын экс-депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго таандык болгон “Байсан” рестораны. “Байсан” рестораны дагы Ак-Бууранын корук аймагына мыйзамсыз курулуп калган”, - деди Ош мэринин маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов 5-августта таратылган видеодо. Анда ал таасирдүү аткаминерлерге таандык болгон имараттар бузулуп жатканын айтты. Ал аталган адамдар мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеп турганда ушул жерлерди ээлеп алганын белгиледи.
Андан аркы сөздөрүнө караганда, Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековго жана Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Бактыбек Аманбаев менен анын бир тууганы, экс-депутат Урмат Аманбаевага таандык имараттар да бузууга кетип жатат. Мекеменин билдирүүсүндө, баары тең Исанов көчөсүндөгү тилкелеринен ары чыгып, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук жерлерди ээлеп, турак жай жана коммерциялык имараттарды куруп алышкан.
Мэрия билдиргендей, аларга буга чейин эскертүү каты берилгенине карабай, ээлери бузган эмес.
Жогоруда аты аталган мурдагы аткаминерлер Ош мэриясынын соңку билдирүүсүнөн кийин комментарий бере элек.
"Дагы толгон-токой мыйзамсыз иштер чыгат"
Мэрия шаардын мурунку вице-мэрлери Алимжан Байгазаков менен Нурбек Кадыровго таандык имараттар да буздурулуп жатканын кабарлаган. Мэр Жеңишбек Токторбаев шаарды кыдырган жүрүштөрүнүн биринде Ошто узак жылдар бою мыйзамсыздык өкүм сүрүп, таасири күчтүү адамдар мамлекеттик жерлерди каалагандай ээлеп алышканын айтты. Ал прокурордун корук жерге чыгып алган үйүнө да киргени тартылган видеолор жарыяланды.
“Мыйзам баарыбызга бирдей да. Прокурордук кызматкер болсо эмне болуптур? Өзүнө да прокурордук кызматкер болсо. Кара, мына арыкка чейин чыгып алыптыр”.
“Жанагы Байгазаков, мурунку вице-мэр, азыр Эсеп палатасында иштейт. Бул макул экен. “Макул, мен бузам” дептир. Бузсун!”.
“Бүт антисанитария, мусор. Эч кандай мыйзамдуулук жок. Ошто түшүнүк менен гана жашашат. Ким акчасы болсо басып алмай, кимдин бийлиги болсо басып алмай, ким “черный” болсо басып алмай. Беззакония! Түшүнүк менен жашашат, түшүнүк менен! Мыйзам деген болушу керек да, балдар!”, - деди Токторбаев.
Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп январь айында дайындалган. Келгенден тарта шаардагы кызыл сызыктан чыгып кеткен турак жайлар менен коммерциялык имараттарды жапырт бузууга киришкен. Эскини бузуу иштеринин шарданы менен Оштун борбордук аянтындагы Лениндин айкели дагы алып салынган.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев жер тилкелерин мыйзамсыз берген аткаминерлер мөөнөтүнө карабай жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
“Мен бул боюнча Ош шаардык кеңешинин сессиясында дагы бир топ ирет маселе көтөрдүм эле. Корук зона бир убактарда 50-70 метр болсо, аябай эле кыскарып, мыйзамсыз курулуштар түшүп кеткен. Кечээги соцтармактарга чыккан маалыматтарда бир топ депутаттардын, буга чейин мэрияда иштеген мэрлердин аттары аталып атат. Менин көз карашым боюнча, алардын 1-2% эле түзөт. Андан башка дагы биздин Ош шаарынын жер саткан мэрлеринин аттары атала элек азыркы күндө. Иликтеп чыкса, буга чейинки мэрияда иштеген, мэр, вице-мэр, айыл башчы, айыл өкмөт болгон адамдардын толгон-токой мыйзамсыз иштери четинен чыгат”.
"Мыйзамсыз уруксат берген аткаминерлер жоопко тартыла элек"
Бул арада турак жайы буздурулуп жаткан жарандардын менчик укугу тууралуу талкуунун да аягы суюлбай турат. Турак жайлары сүрдүрүүгө тушуккан тургундардын бир бөлүгү президентке чейин кайрылып жатышат. Алар үчүн шаар четинен атайын жер бөлүнүп, “Эне-Сай” деп аталган жаңы конуш курулууда.
Укук коргоочулар Ош бийлиги кызыл сызыкка чыгып кетти делген имараттарды сүрдүрүүдө Жер кодексин бузуп жатканын айтышууда. Маселен, кодексте сүрдүрүү иштери компенсациялар толук төлөнүп, эки тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана башталсын деген талабы аткарылбай калууда.
Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева мэриянын “тургундар кызыл сызыкка чыгып кеткенин моюндап, өз каалоосу менен бузуп жатат” же “мамлекетке жардам берүүгө ынтызар болгондуктан, бузууда” деген жооптору тургундардын мажбурлоого кабылып жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө карама-каршы келип жатканын айтат.
“Былтыр коомдук иликтөөлөр болуп атканда дарыянын корук аймагын бузуу боюнча 700гө жакын фактылар аныкталган. Былтыркы тизменин ичинде аткаминерлердин объектилери бар болчу. Бирок, мэр келгенден баштап жалаң эле борбордук көчөлөрдүн четиндеги же болбосо борбордогу объектилерди бошотуу менен алек болуп жүрдү. Ак-Бууранын четин бошотуу бир ай мурун башталды окшойт. Ошондон улам бул тизмеге да келишти. Жарандарга кызыл китептерди кызыл сызыкты бузуу менен берип койду деген боюнча Мамкаттоодо иштегендер жоопко тартылган эмес. Бул Кыргызстан боюнча эле ушундай болуп келатат. Анткени, турак жайларды бузуу бир эле Ошто эмес да. Мисалы, Ноокатта жолду кеңейткенде болгон, Баткенде, Ысык-Көлдө, башка жерлерде да болуп келип атпайбы. Бирок, өз убагында мыйзамдарды бузуп уруксат берип койгон чиновниктердин фамилиялары аталбай жатат”.
Муниципалдык документтерге таянсак, 2024-жылы Данги тилкесинен Навои көчөсүнө чейин Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан 850дөй жер тилке жана курулуштар аныкталган. Алардын 393ү турак жай багытындагы, 434ү коммерциялык багыттагы жер тилкелер. Менчик формасы боюнча 655и жеке менчик болсо, 178и мамлекеттик жана муниципалдык баланста турган жер тилкелер болгон. Алардын дээрлик баарында тең турак жайлар жана имараттар бар.
Ош шаарынын башкы планынын мөөнөтү 2024-жылдын соңунда бүткөн. Учурда жаңы документ бекитиле элек болгондуктан, кызыл сызыкка чыгып кеткен имараттарды сүрдүрүү иштери эскисине таянуу менен жүрүүдө.