Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Рубио: согушту токтотууда аймактар маселеси баарынан маанилүү


АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

Шаршемибиде кечинде Fox News телеканалына берген интервьюсунда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио орус-украин согушун токтотууда талаштуу аймактар маселеси башкы ролду ойнооруна басым жасады. Ал жакынкы күндөрү Трамп жана Путин телефондон байланышып бир топ маселелерди талкуулашы мүмкүн экенин, анын жыйынтыгына жараша эки лидердин кийинки аптага болжолдонуп жаткан жолугушуусу болор-болбосу аныктала турганын айтты.

Вашингтондун Орусияга каршы экинчи деңгээлдеги санкциялары (Москвадан мунай, газ сатып алган өлкөлөргө карата) боюнча маселени Трамп жакынкы күндөрү кабыл алат, деди Рубио. Ал ошондой эле Украинадагы согуш боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ок атууну токтотуу шарты коюлаарын белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG