Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Август 08, 2025
Израил өкмөтү Газа шаарын оккупациялоону жактырды
-
Август 08, 2025
Көк-Жардагы мыйзамсыз курулуш: Беш киши 10 күнгө камалды
-
Июль 18, 2025
Газа: Чиркөөгө тийген соккудан үч киши набыт болду
-
Июль 14, 2025
Орусия мигранттарды телефондөн көзөмөлдөйт
-
Июль 13, 2025
Мигранттардын балдарын “Тунгуч” онлайн мектеби окутат